5- Июнь 2000 -жылы Режиссёр Бообек Ибраев каза болгон
Режиссёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер Бообек Ибраев 65 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Бообек Ибраев 1935-жылы Ысык-Көл областына караштуу Жети-Өгүз районундагы Чоң-Кызыл-Суу айылында туулган. 1961-жылы Ташкендеги А.Островский атындагы театр жана сүрөт институтун бүтүргөн. Бообек Ибраев Нарын облусунун музыкалуу драма театрында, Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында, Ош облусунун С.М.Киров атындагы өзбек музыкалык драма театрында, Пржевальск шаарындагы Ысык-Көл облусунун драма театрында, режиссёр, башкы режиссёр болуп эмгектенген.
Кыргыз театрынын XX кылымдагы тарыхында "Бообек Ибраевдин доору" деген баа берүү сакталып калган. Ал Токтоболот Абдымомуновдун "Ашырбай", Уилям Шекспирдин "Ромео жана Жулетта", Мустай Каримдин "Ай тутулган түндө", Насирдин Байтемировдун "Уркуя", Бексултан Жакиевдин "Алтын аяк", "Өлбөгөн жанган жаз келет", Мар Байжиевдин "Ар бир үйдө майрам", "Кыз, күйөө" жана "Байыркы жомок", "Манас" эпосунун трилогиясын мыкты деңгээлде, ийине жеткире сахналаштырган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан