5- Июнь 1910 -жылы жазуучу, котормочу, журналист Мамасалы Абдукаримов туулган
Жазуучу, котормочу, журналист Мамасалы Абдукаримов Ош шаарына жакын жайгашкан Жапалак айылында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ата-энесинен эрте айрылып, томолой жетим калган.
1921-1924-жылдары Оштогу балдар үйүндө тарбияланып, 1925-жылы Ташкенттеги Кыргыз-казак эл агартуу институтуна окууга жиберилген, бирок Орто Азияда улуттук чек аралар бөлүнгөн мезгилде кайра Бишкектеги (Фрунзе) педтехникумунан окуусун улантып, 1930-жылы аны бүткөн соң “Ленинчил жаш” гезитинде жооптуу катчы, 1933-1940-жылдары жооптуу редактор болуп иштеген, андан кийин “Кызыл Кыргызстан” гезитинде жооптуу катчылыктан редактордун орун басарлыгына чейин көтөрүлгөн. 1943-1947-жылдары Ош обкомунун катчысы, 1950-1957-жылдары "Кыргызмамбаста" бөлүм башчы, 1957-1968-жылдары “Советтик Кыргызстанда” адабий кызматкер болуп иштеген.
Жазуучунун адабият дүйнөсүнө болгон шыгы, жөндөмдүүлүгү эрте ойгонгон. Эң биринчи аңгемеси 1928-жылы “Курмушунун турмушу” деген ат менен “Кызыл Кыргызстан” гезитине жарыяланган. 1932-жылы “Кызыл эмгек”, “Турмуш менен күрөш” (1937), “Үзүлбөгөн үмүт” (1957), “Болгар жеринде” (1960) деген аңгемелер жыйнагы жарык көргөн.
Котормочу катары дүйнөлүк жана улуу орус элинин классиктери Жон Риддин, А.П.Чехов, М.Горький, Тургенев, М.Шолохов, Каверин, Рыбактын чыгармаларын жана боордош республиканын жазуучуларынын чыгармаларын кыргыз тилине которуп, окурмандарга тартуулаган. Ал “Ленин Октябрда”, “Алтынчы июль”, “Калкан менен кылыч”, “Жоро”, “Жолборс”, “Тоодогу застава” жана башка көркөм ленталарды ийгиликтүү которгон.
Жазуучунун адабият майданында жана коомдук иштерде сиңирген эмгегин өкмөт жогору баалап, Ата Мекендик согуштун I даражадагы, Ардак белгиси ордендери, медалдары жана Ардак грамоталары менен сыйлаган. “Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу” деген ардактуу наамга татыктуу болгон.
Мамасалы Абдукаримов 1996-жылы дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан