6- Июнь 1941 -жылы
Швед автокуруучусу жана автожарышчысы Луи Шевроле каза болгон
Швед автокуруучусу жана автожарышчысы Луи Шевроле каза болгон. Луи Шевроле 1878-жылы 25-декабрда Батыш Швейцарияда төрөлгөн. Бала чагынан механикага кызыгып, велосипеддерди оңдоп-түзөп калат. 11 жашында мектепти таштап, велосипед оңдоп иштей баштайт. 22 жашында Парижге кетип, механик болуп жашоого каражат таба баштаган. Андан соң Канадага, кийин Нью-Йоркко көчүп барат. Ал жактан автожарыштарга кызыгып, ал менен алектенип, атактуулукка жете баштаган. Ал учурда Вильям Дюрант аттуу ишкер менен таанышып, ал менен биргеликте "Chevrolet Motor Company" компаниясын түзүшкөн. Кийин АКШдан кетип, автожарыштарга ылайыктуу "Корнелиан", "Фронтенак" маркадагы унааларды чыгарган.