11- Июнь 2010 -жылы
Түштүк Африка
Республикасында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталган
Түштүк Африка Республикасында футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу башталган. Ал бир ай бою уланып, финалга Испания жана Нидерланды өлкөлөрү чыккан. Жыйынтыгында Испания Нидерландыны 1:0 эсебинде утуп кеткен.
Бул чемпиондук Африка континентинде алгачкы жолу өткөн. Тандап алуу туруна ФИФАнын курамына кирген 208 өлкө курамасынын ичинен 204ү катышкан.
Турнирдин расмий тумары - жашыл түстөгү чачы жана футболкасында "South Africa 2010" деген жазуусу бар Закуми аттуу леопард болгон.
Расмий эмес тумары - осьминог Пауль Германиянын курамасынын ар бир оюнунун жыйынтыгын алдын ала билдирген.
"ЮАР-2010дун” мыкты футболчусу деп испан чабуулчусу Диего Форлан аталып, "Алтын топтун" ээси болгон. Ал эми "Күмүш топту" голландиялык Уэсли Снейдер, "Коло топту" испаниялык Давид Вилья алган.
"Алтын кол кабы" эң мыкты дарбазачы - испаниялык Икер Касильяска берилген.
"Эң мыкты жаш оюнчу" наамын жана "Алтын бутсаны" Томас Мюллер аттуу немис оюнчусу алган.