11- Июнь 1985 -жылы Белорустук ырчы Дмитрий Колдун туулган
Белорус ырчысы, “Жылдыздар фабрикасы-6” долбоорунун жеңүүчүсү Дмитрий Колдун 1985-жылы 11-июнда Минск шаарында туулган. Келечектеги ырчынын ата-энеси мектеп мугалимдери болсо, Колдун бала чагынан тартып врач болууну кыялданган. Ошол себептен өспүрүм курагында эле Минск гимназиясындагы медициналык атайын класска кирип окуп калган. Мектепти күмүш медаль менен аяктайт. Кичине кезинде эле Дмитрий ар тараптан таланттуу келип, "Пёс Полкан — приятель Пети" ("Петянын досу - дөбөт Полкан") адабий аңгемесин жазат. Аңгеменин өзгөчөлүгү - андагы бардык 66 сөз жалаң "П" тамгансынан башталгандыгында. Кийинчерээк Колдундун бул аңгемеси Белорусиянын белгилүү гезиттеринин бириндеги "Рекорддор" бөлүмүнө да жарыяланган.
2007-жылы "Евровидение" сынагында Белорусиянын атынан "Work Your Magic" аттуу ыры менен чыккан. Өлкөсүнүн тарыхында алгачкы жолу Белорусияны финалга алып чыгып 6-орунду алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан