8- Июнь 1786 -жылы
Нью-Йоркто балмуздак алгачкы жолу сатыкка чыккан
Нью-Йоркто балмуздак алгачкы жолу сатыкка чыккан. Айрым маалыматтар боюнча, бул десерт адамзаттын жашоосунда эбак эле пайда болгон. Алгачкы балмуздак Байыркы Кытайда 5 миң жыл мурун пайда болуп, кытайлыктар апельсиндин, лимондун кесимдерин, анарды кар жана музга аралаштырып жешкен. Рецепттери жана аны сактоо ыкмалары сыр болуп, биздин заманга чейин II кылымда гана "Ши-кинг" китебинде ачыкталган.