7- Июнь 1933 -жылы Кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу Ишеналы Арабаев каза болгон
Кыргыз элинин биринчи агартуучу-илимпозу, алгачкы “Алиппенин” автору, улут алфавитинин уңгусун түзүп, жазма маданиятыбызды калыптандыргандардын бири Ишеналы Арабаев каза болгон. 
Ишеналы Арабаев 1882-жылы Кочкор районунун Күн-Батыш айылында туулган. Ал башталгыч мектептин көлөмүндө билим алгандан кийин, айыл-кыштактарда мугалим болуп (1900–1910) иштеген. Кийин (революцияга чейин) Варшава, Казань, Саратов, Оренбург, Уфа, Алма-Ата шаарларынан окуп, жогорку жана орто билимге ээ болгон. Уфадагы жогорку диний мектеп – “Медресе-Гапиядан” окуп жүргөндө эле Сарсикеев деген казак студент менен кыргыз, казак балдарына арналган “Алиппе - жаки төтө окуу” аттуу туңгуч окуу китебин 1911-жылы Уфа шаарындагы “Шарк” басмасынан араб тамгасы менен чыгарат.
Ал эми 1912-жылы “Жазуу өрнөктөрү” (таза жазуунун үлгүлөрү) (1912) аттуу Оренбург шаарындагы “Вакыт” басмасынан чыгарган китебинде жазуу эрежелери, каллиграфия, тамгаларды кооз жазуу үлгүлөрү берилген. Бул китеп казак тилинде жазылса да, анын ичинде фонетика жагынан кыргызча жазылган сөздөр көп кездешет. Ошол эле жылы “Оренбургдан Ташкенге чейин” деген жол очерки “Айкан” журналынын биринчи санына басылган.
Ишеналы Арабаев 1913-жылы “Медресе-Галияны” бүткөндөн кийин, Ысык-Көл, Нарын аймактарында мектептерди ачып, элдин сабатсыздыгын жоюуга, илим-билимге тартууга зор аракет жасайт.
1916-жылы үрккөн эл менен бирге Кытайдын Үч-Турпан деген жерине качып барып, 1917-жылы өз элине кайтып келген.
1918-1922-жылдарда Түркстандын Жети-Суу областында ар түрдүү жооптуу кызматтарда иштеп, кыргыз мектептеринде мугалимдерди даярдай турган алгачкы курстарды уюштурат. Ошондой эле Жети-Суу областтык “Кошчу” союзунун төрагасына орун басар, Түркстан Эл комиссарлар Советинде (Ташкентте) (1922-1924) иштеп, анын илимий комиссиясын жетектеген. Ал жетектеген илимий комиссия кыргыз тилинин алфавитин түзүп, башталгыч класстардын окуучулары үчүн алиппени, усулдук сунуштарды даярдашкан жана кыргыз терминологиясынын маселелерин изилдешкен.
Кыргыз фольклоруна кызыккан И.Арабаев 1922-жылы “Манас” эпосун эл оозуна жыйнатуу ишинин эң биринчи демилгечиси болуп, атактуу манасчы Сагынбай Орозбак уулунан “Манастын” биринчи бөлүмүн, Актан уулу Тыныбектен “Семетейдин Айчүрөккө үйлөнгөн” жерин жазып алып, 1925-жылы Москвадагы СССР Элдеринин Борбордук басамасынан китепче кылып чыгарган.
1924-жылы Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөндө, ал облревкомдун мүчөсү, илим комиссиясынын төрагасы болуп иштеп жүрүп, “Эркин-Тоо” гезитин уюштурууга катышып, биринчи санына “Эркин-Тоо” деген макала жазат. Ошол эле жылы араб графикасынын негизинде туңгуч кыргыз алфавитин, “Кыргыз алиппесин”, грамматика жана табият таануу боюнча биринчи кыргызча окуу китебин, “Сабатсыз чоңдор үчүн алиппени” (1925) жана кыргыз мугалимдерине колдонмо иретинде “Саамалык” аттуу китепче жазып, анда он бир сабактын үлгүсүн берген. 1928-жылы К.Карасаев экөө латын тамгасында түзүшкөн чоңдор үчүн “Жаңылык” аттуу алиппеси Фрунзе шаарындагы Кыргызмамбас тарабынан жарык көрөт. Бул китеп кыргыз эли латын тамгасын кабыл алган кезде жаңы тамга менен биринчи басылып чыккан эң мыкты окуу куралы болуп, сабатсыз элдин сабатсыздыгын жоюуда зор кызмат кылган. Бүгүнкү күндө “Жаңылыктын” бир даанасы Москвадагы “Революция музейинде” сакталуу. ЮНЕСКОнун сейрек жана кызык китептеринин тизмесине алынган кыргыз китеби болуп калган.
Ошентип, кыргыздын туңгуч “Алиппесинин” басмадан чыгышы кыргыз элинин маданий турмушундагы эң ири тарыхый окуянын бири болуп калган, анткени ага чейин кыргыз балдары кат жазганды, китеп окуганды казак жана өзбек тилдериндеги алиппе китептеринен үйрөнүп келишкен.
XX кылымдын башындагы биринчи кыргыз мугалими, улуттук мектептерин негиздегендердин бири катары тарыхта калган И.Арабаев 1933-жылы 11-майда “улутчул” деген жалган жалаа менен камакка алынып, ошол эле жылы 7-июнда Ташкент түрмөсүнөн каза болгон. Ал эми 1958-жылы толугу менен акталган.
И.Арабаевдин 1992-жылы 110 жылдык мааракеси белгиленип, ысымы Бишкектеги Жогорку окуу жайынын бирине ыйгарылып, ошол университетте музейи уюштурулуп, анын эмгектери, китептери, газета-журналдарга ал жөнүндө жазылган макалалар коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан