19- Июнь 1968 -жылы Ырчы Таалай Бектурганов төрөлгөн
"Назира", "Эмне мынча сүйөм сени?", "Таарынба" ж.б. көптөгөн популярдуу чыгармалардын автору Таалай Бектурганов Чаткал районунун Ак-Таш кыштагында туулган. Үй-бүлөдө он бир туугандын сегизинчиси болгон. Мектепте абдан жакшы окуган, айрыкча спортко болгон кызыгуусу күч болуп, сууда мыкты сүзгөн. 7-8-класстарда атасынан комуз черткенди үйрөнүп, мектептеги иш-чараларда ырдап жүргөн. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтуна тапшырган. Таалай Бектурганов 1995-жылы сырдуу өлүмү менен кырчындай 27 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан