17- Июнь 1938 -жылы Кыргыздын белгилүү тарыхчысы Мидил Жамгырчинов туулган
Кыргыздын белгилүү тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, Орусиянын 15-18-кылымдардагы архивдик маалыматтары боюнча адис, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасынын профессору, педагог Мидил Жамгырчинов Бишкек шаарында туулган. Ата-теги Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Күн-Туу айылынан. Уруулук теги – кыргыздын солто уруусунун күнтуу уругунан.
Анын атасы кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчинов (1914-1982) болгон. 
Мидил Жамгырчинов Бишкектеги №5 кыргыз орто мектебинде 1945-1949-жылдары таалим алып, баштапкы мектепти аяктаган.
Андан соң Бишкектеги №6 орусча орто мектепке окуп, андан соң № 13 орусча орто мектепке которулган жана аны ийгиликтүү аяктаган.
Мидил Жамгырчинов Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин) тарых факультетин 1962-жылы аяктаган. 1963-жылы ал аспирантурага тапшырып, аны 1966-жылдын апрелинде аяктаган.
Аспирантурада окуп жүргөн чагында, XVI – XVIII кылымдардагы Теңир-Тоо, Энесай жана Сибирдеги кыргыздардын тарыхына байланыштуу орус булактарынын маалыматын изилдеп, кандидаттык диссертациясын жазган.
1966-жылдын май айынан тартып Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде түштүк жана батыш славяндар тарыхы боюнча дарс окуй баштаган. Ал эми 1972-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
1971-1975-жылдары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин (мурдагы КМУнун) тарых факультетинин деканынын орун басары болуп иштеген. Ал кезде КМУнун ректору – профессор Салмоорбек Табышалиев болгон.
1976-1986-жылдары КМУнун Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысы болгон. Аталган кафедрада доцент болуп да иштеп турган.
1993-жылы Байыркы дүйнөнүн жана орто кылымдардын тарыхы кафедрасынын башчысы болуп кайра шайланган. Кийинчерээк бул кафедра башка кафедра менен кошулуп, ирилешип кеткен.
1995-жылдан тартып Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Европа жана Америка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында доцент, профессор (2004) кызматтарын аркалап келген.
Мидил Жамгырчинов Энесай жана Теңир-Тоо кыргыздарынын тарыхын комплекстүү изилдөө жүргүзгөн жана башкаларды да ушуга чакырган окумуштуу.
Ал Энесай Кыргыз каганатынын тарыхын кыргыз тарыхынан ажыратып салууга умтулган 1982-1984-жылдардагы идеологдорго жана цензурачыларга ачык каршы чыккан, бул жааттагы өзүнүн нааразылык катын Кыргыз ССР Илимдер академиясынын ошол учурдагы жетекчилигине жазган (1982-1983).
Ал XVI – XVIII кылымдарда Жунгар хандыгынын баскынчылыгы күчөп турган чакта бир катар кыргыз топтору Памирге чейин ооп кеткенин, бирок ар дайым Түндүк Кыргызстанда кыргыз урууларынын өкүлдөрү кала бергендигин тастыктаган илимий макалалар жарылаган.
Мидил Жамгырчинов кыргыз тарыхын изилдөө үчүн чыгыш таануучу адистерди даярдоо үчүн ырааттуу уюштуруу иштерине катышкан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан