18- Июнь 1902 -жылы
Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова төрөлгөн
Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры Зууракан Кайназарова Кыргыз ССРинин Сокулук районуна караштуу Жыламыш айылында төрөлгөн. Сокулук районундагы “Дружба” колхозунда звено жетекчиси болуп иштеген. 1947-жылы ал башкарган звено 15 гектар жердин ар бир гектарынан 971,5 центнер кант кызылчасын жыйнап алган. Анын кужүрмөн эмгеги эске алынып, эки жолу СССР Жогорку Советинин биринчи (1937-1946-жылдары) жана үчүнчү (1950-1954-жылдары) чакырылышында депутат болуп шайланган. Кыргызстан Компартиясынын 3-съездинен тартып 12-съездине чейинки делегаты болгон. Кыргызстан КП БКнын мүчөлүгүнө шайланган. Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаты жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Кызылча талаасындагы үзүрлүү жана кажыбаган эмгеги өкмөт тарабынан жогору бааланып, ал СССРдин эң бийик сыйлыктарына: Социалисттик Эмгектин эки жолку баатыры наамына (1948-жылы жана 1957-жылы), 3 Ленин орденине (1941-жылы, 1947-жылы, 1948-жылы) жана Эмгек Кызыл Туу орденине (1946-жылы) жана башкаларга татыктуу болгон. Кыргыздын кызылчачы баатыр кызы 1982-жылы дүйнөдөн өткөн.
Бишкек шаарындагы Эркиндик гүлбагында З.Кайназаровага эстелик орнотулган. Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн бирине ысымы берилген. Ал тууралуу “Шекердин өрөөнү” деген документалдуу фильм тартылган.