18- Июнь 1812 -жылы Орус элинин белгилүү реалисттик прозасынын чебери, жазуучу Иван Гончаров туулган
Орус элинин белгилүү реалисттик прозасынын чебери, жазуучу Иван Гончаров Симбирскиде (азыркы Ульянов) бай соодагердин үй-бүлөсүндө туулган.
Аны киндик атасы тарбиялаган. Болочок жазуучу алгач билимди Троцкий деген дин кызматкеринин пансионунан алган.
1831-жылы Москва университетинин славян бөлүмүнөн окуган. Университетте окуп жүргөн мезгилинде Герцен, Огарев, Белинский, Станкевич, Бакунин, Лермонтов сыяктуу таланттуу жаштар менен жолугушуп, адабиятка болгон кызыгуусу башталган. Алгачкы ырлары романтик акындардын таасири аркылуу жазылган.
Жазуучунун 1846-жылы В.Г.Белинский менен таанышуусу демократиялык көз карашынын өнүгүшүнө түрткү берген. Чыгармаларында ичип-жеген зулум соодагерлердин жашоо-турмуштарын көрсөткөн.
1847-жылы “Демейдеги окуя” аттуу романы жарык көрүп, атак-даңкын даңазалап, китеп окуучулар тарабынан зор кызыгууну туудуруп, чыныгы орус турмушун кеңири сүрөттөгөн. Ага удаа эле 1859-жылы “Обломов” жана 10 жылдан кийин (1869) “Жар” деген романдарын жазган. XIX кылымдын орто ченинде Орусиянын реформага чейинки тумушундагы кагылыштарды сүрөттөгөн. Ошентип, И.А.Гончаров орус жана дүйнөлүк адабияттын тарыхында реалисттик көркөм прозанын чебери катары таанылган.
Реалисттик искусствонун максатына түшүнүп “Адам баласынын жарык, жакшы, кубанычтуу жагын гана сүрөттөө – чындыкты жашыруу деген болот. Толук сүрөттөш керек. Жарыкты көлөкөсүз сүрөттөө мүмкүн эмес” деп жазуучу өзүнүн баасын берген.
А.И.Гончаровдун чыгармалары чет тилдерге жана кыргыз тилине да которулган. Мындан тышкары анын калемине “Паллада фрегаты” (1855–57) деген жол очерктер цикли жана “Милион азап” (1872) аттуу адабий сын-макалалар да таандык.
Иван Гончаров 1891-жылы Петербург шаарында дүйнөдөн кайткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан