19- Июнь 1929 -жылы Сынчы, адабиятчы, филолог, котормочу Михаил Рудов туулган
Сынчы, адабиятчы, филолог, котормочу Михаил Рудов Смоленск облусундагы Рудня шаарында туулган. Ал 1950-жылы Кыргыз Мамлекеттик педагогика институтун, 1953-жылы аспирантураны бүтүргөн. Филология илимдеринин кандидаты.
1953-жылдан Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу, улук окутуучу, доцент, профессор, орус адабиятынын тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы, Славян таануу регионалдык ИИИнин директору, адабият тарыхы жана теориясы кафедрасынын башчысы болуп иштеп келген, Kыргыз-Орус Славян университетинин профессору, Педагогикалык жана социалдык Илимдер академиясынын Академиги (Москва) болгон.
Негизги эмгектери орус жана кыргыз адабиятына, адабияттардын улуттар аралык байланыштарына арналган. 1967-жылы анын Д.М.Фурмановдун Жети-Суудагы ишмердүүлүгүнө арналган биринчи китеби "Уполномоченный партии" деген ат менен, 1970-жылы адабий-сын макалаларынын жыйнагы "Звенья открытий" деген ат менен чыккан.
Ал кыргыз мектептеринин 10-класстары үчүн "Русская Советская литература" китебинин авторлошу болгон. Кыргыз жазуучуларынын орус тилинде чыккан "Горные родники. Рассказы киргизских писателей", "Киргизские повести" (1982-ж.), "Песни небесных гор" (1987-ж.) аттуу чыгармалар жыйнактарынын түзүүчүсү жана баш сөздөрүнүн автору. Ал тарабынан К.Тыныстанов, Е.Д.Поливанов жана "Манас" эпосу жөнүндө олуттуу изилдөөлөр жүргүзүлгөн жана макалалар жазылган.
Токтогул Сатылгановдун, Касым Тыныстановдун, Калыгулдун чыгармаларын орус тилине которгон.
Михаил Рудов 1971-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү жана Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген мугалими (1979-ж.).
Михаил Рудов 2014-жылы 18-октябрда көпкө созулган оорудан улам 85 жашында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан