
Актёр, Ч.Айтматов атындагы Орус Мамлекеттик академиялык драма театрынын актёру, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнин "Режиссура жана актёрдук чеберчилик" кафедрасынын мугалими Болот Тентимишов Чүй облусунун Кант шаарында туулган. Мектеп курагында эле, актёрдук дарамети ачылган. Мектепте өткөн ар кандай иш-чараларга катышып, өзүн ар тармакта сынап көргөн. Күндөрдүн биринде, мектепте бирге окуган жолдошторунун бири Н.К.Черкасов атындагы Ленинград Мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна кабыл алуу жүрүп жатканын кабарлайт. Б.Тентимишов актёрдук чеберчилигин көрсөтүп, сынактагы талаптарды так аткарып, дароо үч турдан теӊ өтүп кетет. Ошентип, кыргыз элинин маданиятын, искусствосун бийиктиктерге көтөрөм деген, илгери үмүт менен Б.Тентимишов 1988-жылы Н.К.Черкасов атындагы Ленинград Мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтуна тапшырат. 1990-1992-жыл аралыгында Советтик армияда кызмат өтөгөн. Томск-7 шаарынын театрында, андан соӊ Краснокаменск шаарынын элдик театрында иштеген. Болот Тентимишов Б.Шоунун "Пигмалионунда" (Пигмалион) жана Г.Х.Андерсендин "Механикалык булбулунда" ("Механический соловей")(Булбул) ролдорду аткаруу менен бирге, анын актёрдук шыгы ойгонуп, театр дүйнөсүнө бекем бел байлаган актёрлордун бирине айлана алган. Армиядагы кызматын өтөп бүткөн соӊ, борбордогу Т.Абдумомунов атындагы КМАДТда эмгек жолун уланткан. Ал эми 1997-жылдан тарта "Туӊгуч" жаштар театрында иштеп баштаган.
Болот Тентимишов кино жаатында да бир топ образдарды чагылдырган. Маселен, Марат Сарулунун кыскаметраждуу кинотасмасында жана Нурбек Эгендин "Аталар керээзи" толук метраждуу кинотасмада Айдардын ролу, анын дебюттук ролу болуп саналат. Андан сырткары, Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" кинотасмасында, Адилет Акматовдун "Мурастар сыры" жана башка ушул сыяктуу ар түрдүү образдарды жаратып келет.