22- Июнь 1937 -жылы Диктор, журналист Азиз Исмаилов туулган
Кыргыз телерадиосунун жогорку категориядагы диктору, белгилүү журналист Азиз Исмаилов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Суу айылында туулган. 1956-жылы Ош облусунун Куршабдагы техникалык кесиптик окуу жайын аяктап, өзүнүн туулган айылында эмгектене баштаган. 1969-жылдардын аягында Ош облусунун телерадио тармагында дикторлук жолун баштаган. 1973-жылы Мамлекеттик телерадио комитетине атайын чакыруу менен которулуп келип, эмгек жолун уланткан. 1986-жылдан баштап "Кыргызфильм" киностудиясын да жетектеген. Кийинчерээк, маалымат башкы редакциясынын редактору, илимий-популярдуу окуу программасынын башкы комментатору, социалдык-экономикалык редакциясынын баяндамачысы болуп эмгектенген. Ал өмүрүнүн көп жылдарын телерадиого арнап, Кыргыз Республикасынын жогорку категориядагы диктору катары коомдук-саясий, көркөм адабий уктурууларды ийине жеткире алып барган.
Азиз Исмаилов 2015-жылы март айында 78 жашында катуу оорудан көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан