Орус окумуштуусу, саякатчы, публицист, генерал-майор Михаил Венюков туулган. Ал аскердик академиянын генштабын (1856) бүтүп, топограф болуп иштеген.
Кыргызстан Орусиянын курамына кошулгандан кийин орус окумуштууларынын Кыргызстанды биринчи жолу үйрөнүүсү жана изилдөөсү башталган. Ал окумуштуулар орустун прогрессивдүү интеллигенциясынын арасынан чыккан жана өзүлөрүнүн өмүрүнүн көп жылдарын Орто Азияны изилдөөгө арнашкан. Кыргызстандын табигый булактарын, жаратылыш шарттарын, өсүмдүктөрүн, айбанаттар дүйнөсүн, кыргыз элинин тарыхын, археологиясын, тилин жана адабиятын үйрөнүү ишине эң маанилүү салым кошушкан.
Кыргызстанды биринчилерден болуп изилдеп, алгачкы илимий пикирлерди айткан, бүткүл дүйнөгө тааныткан М.И.Венюков болгон. 1859-жылы Чүй, Ысык-Көл, Кочкор өрөөндөрүндө топографиялык иштерди жүргүзүп, көп географиялык материалдарды топтогон. Ошол эле жылы Чу суусунун жээктерин чалгандаган орус экспедициясына начальник болуп дайындалган. Анын отряды бир топ кыйынчылыктардан кийин Тянь-Шанга келген. Жаш окумуштуу Ысык-Көл, Чу суусу жөнүндө кызыктуу илимий байкоолорду жазып, топографиялык картага түшүргөн.
Саякатчы өзүнүн “Боз талаанын жана Чунун жээгиндеги өлкөнүн очеркинде” аттуу эмгегинде кыргыз элинин үрп-адаты, салты, каадасы, жашоо-тиричилиги, соода-сатыгы, көчмөн турмушу, оозеки чыгармачылыгы тууралуу өтө кызыктуу материалдарды, маалыматтарды берген.
Кыргыздардын жасалма жол менен сугат аянттарын түзүп, ал жерге таруу, буудай, арпа айдашаарын, айдоо жери негизинен Ысык-Көлдүн чыгышы, Түп жана Жыргалаң өрөөнүнө, Пишпек менен Токмоктун айланасына жайгашканын белгилеген. Кыргыз аялдарынын кийим тигүүдөгү чеберчилигине, устаттыктарына өтө жогору баа берген. Кийиз, тумак, тебетей, калпак жасоо, төөнүн жүнүнөн чепкен согуу аны абдан кызыктырган.
Кашкарлык соодагерлерден ар кандай кездемелердин түрлөрүн, кургатылган жер-жемиштерди койго айрыбаштап алышарын, көпчүлүгү кат тааныбайт, окуганды-жазганды билишпейт деп белгилеп, ушул байкоолорун жазуу менен өзүн этнограф, фольклорист катары көрсөткөн. Саякатчынын Орто Азияны үйрөнүүдөгү бул илимий иши күмүш медалга татыктуу болгон.
1868-жылы “Орус Орто Азиясы боюнча саякат жана ал жөнүндө запискалар” деген китеби жарыяланган. Ошол эмгегинде кыргыздардын бугу, сарыбагыш, солто уруулары жөнүндө, Кокон хандыгынын кыргыздардан алган салыктары тууралуу кызыктуу фактылар келтирилген.
Анын аты Ыраакы Чыгыш, Турция, Кытай, Япония, Африка, Борбордук Америка, Түштүк Америка, Туннис, Марокко, Египет, Индокытай, Алжир, Испания өлкөлөрү, Орто Азия, Кавказ жерлери, Амур, Уссири, Сахалин крайларына жасаган саякатчы катары белгилүү. Өмүрүнүн көбү саякатчылык менен өткөн.
М.Венюковдун география, картография, геология, этнография, тарых боюнча өтө көп эмгектери, изилдөөлөрү бар. Революциялык газета “Колоколдун” жашыруун кабарчысы болгон, эркин орус басмасына жигердүү катышкан. Ал 1877-жылдары эмиграцияда болгон.
1901-жылы 4-июлда дүйнөдөн кайткан. Сөөгү өзүнүн өтүнүчү боюнча Франциядагы Ницца шаарына Герцендин мүрзөсүнүн жанына коюлган.