26- Июнь 1869 -жылы Даниялык жазуучу Мартин Андерсен-Нексё туулган
Даниялык жазуучу Мартин Андерсен-Нексё Копенгагендеги таш сомдоочу жумушчунун үй-бүлөсүндө туулган. 1889-1891-жылдары ал Борихольм аралындагы мектептен окуган. Жазуучунун революциялык көз карашынын калыптанышына 1905-жылкы орус революциясы таасир берген. Өзүнүн чыгармаларында социалисттик реализмдин принциптерин жүзөгө ашырган. "Жеңишчил Пелле" романы Дания адабиятында пролетардык таптык күрөштү, эркин коом жөнүндө кексеген максаттарды көрсөткөн жаңы типтеги чыгарма. Биринчи дүйнөлүк согуштун учурунда милитаризмге каршы жалындуу публицист катарында күрөшкөн. Ошол мезгилдеги көрүнүктүү чыгармасы - "Дитте - адам баласы" деген (1917-1921) романы. Чыгармадагы каармандын образы - дүйнөлүк адабияттагы эң мыкты аялдардын образдарынан болуп саналат. Ал эми экинчи дүйнөлүк согуштун мезгилинде империализмди ашкерелеген "Кызыл Мортен" (1945-48) романын жазган, Андерсен Советтер Союзунун чыныгы досу болгон, өлкөгө бир нече жолу келген. Анын "Эки дүйнө", "Колуңду тарт" деген чыгармалары жаш совет мамлекетине арналып жазылган. 1934-жылы советтик жазуучулардын бүткүл союздук биринчи съездине катышкан, 1936-жылы Испаниядагы маданиятты коргоого арналган жазуучулардын Эл аралык Конгрессине барган. Гитлерчилер Данияны басып алганда ал митингдерде чыгып сүйлөп, элди фашисттерге каршы күрөшкө чакырып үндөгөн. 72 жаштагы катуу оорулуу Мартин Андерсен-Нексёни 1942-жылы түрмөгө камашып, Целледеги (Германияда) концлагерге жөнөтүшкөн. Бирок бүт дүйнөнүн демократиялык коомчулугунун кийлигишүүсүнүн натыйжасында аны кайра 1943-жылы өз Мекениндеги госпиталга которууга аргасыз болушкан. 1944-жылы ал СССРге келип, согуш бүткүчө турган. Согуш аяктаганда ГДРдеги Дрезден шаарына кетип, өмүрүнүн акырына чейин ал жакта жашаган. Мартин Андерсен-Нексё Дания компартиясынын негиздөөчүсү, тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин, эл аралык, Лениндик сыйлык боюнча комитетинин мүчөсү болгон. Анын 3 миллион 733 миң нускадагы 95 китеби дүйнө элдеринин 10 тилинде жарыкка чыккан. Кыргыз тилине да айрым чыгармалары, "Жаннета" романы которулган. Жазуучу 1954-жылы дүнөдөн кайтып, сөөгү Копенгагенге коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан