26- Июнь 1992 -жылы Кыргыз Республикасынын президентинин Жарлыгына ылайык 1995-жыл Кыргыз Республикасында "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын элдик майрамдоо жылы деп жарыяланган
Кыргыз Республикасынын Президентинин "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын даярдоо жана өткөрүү жөнүндө" Жарлыгына ылайык 1995-жыл Кыргыз Республикасында "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын элдик майрамдоо жылы деп жарыяланган жана бул эгемендүү Кыргызстандын жаңы тарыхындагы маанилүү коомдук жана саясий окуя катары каралган.
Улуттук уюштуруу комитетине дүйнөлүк маданияттын, адабияттын жана илимдин кенчинде "Манас" эпосунун кайталангыс маанисин эске алып Манас эпосунун 1000 жылдыгын майрамдоого эл аралык статусту берүү жөнүндө ЮНЕСКОго белгиленген тартипте сунуш киргизүү тапшырылган.
"Манас" эпосу Орто Азия элдеринин көп кылымдык тарыхында аларды колдогон жана бириктирген турмуштук маанилүү звено болгондугун көңүлгө алып, ошондой эле, "Манас" эпосу кыргыз тилинин жана адабиятынын булагы, кыргыз элинин маданий, адеп-ахлактык, тарыхый, социалдык жана диний каада-салттарынын негизи экендигин таанып, 1994-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы тарабынан 1995-жыл "Манас" эпосунун миң жылдыгынын Жылы деп жарыяланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан