27- Июнь 1982 -жылы
Франциялык актриса, модель Дэни Вериссимо туулган
Франциялык актриса, модель Дэни Вериссимо туулган. Ал алгач Элли Мак Тьяна деген лакап ат менен Францияда порноактриса катары популярдуу болгон. 17 жашында өгөй атасы менен тил табыша албай үйүнөн чыгып кеткен. Эмне иш менен алектенип, кантип нан табарын билбей жүргөндө порнофильмге тартылууга сунуш алып, макулдугун берген. 2001-жылы Родольф Вериссимо аттуу мырзага турмушка чыгып, анын фамилиясына өтөт. Ошондон кийин мурунку ишин токтотуп, эротикалык эмес тасмаларга тартылып калган. Алардын бири “13-район” болгон.