27- Июль 1996 -жылы Кинорежиссёр, манас таануучу Мелис Убукеев дүйнө салган
Таланттуу кинорежиссёр, манас таануучу, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз эл артисти Убукеев Мелис Айткулиевич дүйнө салган.
Мелис Убукеев 1935-жылы 17-апрелде Фрунзе (Бишкек) шаарында төрөлгөн. Анын "Тайгак кечүү" тасмасы, кыргыз кинорежиссёру тарткан туңгуч толук метраждуу көркөм тасма болуп эсептелет.
М.Убукеев "Манас" эпосуна терең кызыгып, толук кандуу көркөм тасмага бел байлагандыгы менен белгилүү. Бир нече жылдар бою Кыргыз улуттук илимдер академиясы менен кызматташып улуу эпос боюнча материал чогулткан. Бирок көркөм тасманы тартууга жетишпей дүйнө салган. "Манас" дүйнөсүнүн ачкычы катары манасчылардын чыгармачылыгына кайрылып, 1962-жылы үч бөлүктөн турган "Саякбай Каралаев" аттуу атайын тасмасында, ошондой эле 1988-жылы жарык көргөн "Улуу манасчы" аттуу жети бөлүктөн турган толук метраждуу тасмасында уланткан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан