27- Июнь 1954 -жылы Тапанчадан ок атуу боюнча Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев туулган
Тапанчадан ок атуу боюнча Олимпиада чемпиону Александр Мелентьев Пенза шаарында төрөлгөн. Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтунан "машыктыруучу-мугалим" адистигин аяктаган. 
Ал эл аралык класстагы спорттун чебери, СССРдин спортуна эмгек сиңирген ишмер, 1980-жылкы Олимпиада оюндарынын тапанчадан ок атуу боюнча чемпиону болгон. Мелентьев ошондой эле дүйнөнүн сегиз жолку чемпиону (1982, 1983, 1986, 1987, 1989-жылдары командалык мелдештерди жеңген).
Европанын жети жолку чемпиону (1980, 1981, 1984-1986, 1988-жылдары командалык мелдештерди жеңген).
Европа чемпиондугунун эки жолку күмүш байгесинин ээси (1972, 1980-жылдары). СССРдин 13-жолку чемпиону (1979-1989-жж.).
Дүйнө жана Европанын рекордсмени, жеке командалык эсеп боюнча СССРдин рекордсмени (1980-1988-жж.) да болгон.
Александр Мелентьев 2015-жылы 16-февралда 62 жашында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан