Беларусь адабиятынын түптөөчүсү, дүйнөлүк поэзияда да өзгөчө орунду ээлеген белорус акыны, белорус жана украина адабиятынын академиги, адабий псевдоними Янка Купала (өз аты жөнү Иван Доминикович Луцевич) 59 жашында Москвада дүйнөдөн кайткан.
Янка Купала Минск областына караштуу Молодечненский районундагы Вязынка кыштагында 1882-жылы 7-июлда туулган.
Ал 1909-1913-жылдары Петербургдагы жалпы билим берүүчү курстан окуп, аны бүткөн соң Москвадагы А.Л.Шанявский атындагы элдик университеттен окуган.
1902-жылы атасы кайтыш болуп калат. Ошондон кийин ал үй мугалими, катчы, заводдо жумушчу болуп ар кандай жумуштарда иштеген. Ошол мезгилде белорус адабияты менен таанышып, адабият дүйнөсүнө аралашып, өзү да ыр жаза баштаган. Анын “Дыйкан” деген биринчи ыры 1905-жылы Минскиден чыккан “Северо-Западный край” газетасына белорус тилинде жарыяланган.
Белорус адабиятынын негиздөөчүсүнө М.Горькийдин да таасири тийген. Акын адабият майданына революциялык толкундоолордун мезгилинде келген. Чыгармаларынын негизги идеясы –
карапайым белорус дыйкандарынын башынан кечирген оор-азаптуу турмуштарын өзүнүн “Чоор” аттуу ырлар жыйнагында (1908) чыккан жана “Гусляр” (1910), “Турмуш жолу менен” (1913) деген бийик гумманисттик идеяларга сугарылган ырлар жыйнактарында кеңири сүрөттөлүп берилген.
Анын көпчүлүк чыгармаларынын башкы жана түгөнбөс булагы – жаратылыш, адам, элдик ырлар, макал-лакаптар болгон. Акындын “Бүтпөс ыр”, “Коргон”, “Коргондо көргөн түш”, “Бондаровна”, “Арстандын мүрзөсү” аттуу поэмалары элдик ырлардын, легендалардын мотивдери боюнча жазылган.
Бул чыгармаларынын мурдакылардан айырмасы мүңкүрөө, күйүт-арман эмес, тескерисинче карапайым элдин эркиндикке-теңдикке болгон умтулуулары, зомбулукка каршы баш көтөрүп туруштук берип турган күрөшчүл элдин элеси берилген.
Биринчи орус революциясынын таасиринен улам ойгонгон жаш белоруссиянын образы акындын лирикалык мүнөздөгү ырларында жана поэмаларында гана эмес, анын “Павлинка”, “Бузулган уя” деген чыгармаларында да чагылдырылган.
Я.Купаланын “Алыстап бараткан кыштак”, “Жаңы күз”, “Курулуш ыры” аттуу ырлары акындык талантынын ачылганын, чеберчилигинин жетилгендигин күбөлөгөн сапаттары менен айырмаланат.
Акындын чыгармаларын М.Горький, В.Брюсов, М.Исаковский, М.Светлов, Э.Багрицкийлер орус тилиге которушкан. Акын Т.Үмөталиевдин котормосунда ырлар жыйнагы (1954, 1982-ж.) кыргызча басылып чыккан.
Я.Купала совет адабиятын өнүктүрүүдөгү жетишкен ийгиликтери үчүн 1928-жылы Ленин ордени менен сыйланган. 1930-жылы адабий ишмердигинин 25 жылдык мааракесинде Белорус ССРинин эл акыны деген ардактуу наам берилген. 1940-жылы анын “Чын жүрөктөн” деген китеби СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.