28- Июнь 1892 -жылы Фольклорчу жана педагог Каюм Мифтаков туулган
Кыргыз элинин элдик оозеки чыгармаларын жыйноого өзүнүн чоң салымын кошкон белгилүү фольклорчу жана педагог Каюм Мифтаков Башкыр Республикасынын Салават районунда (Уфа губерниясында) туулган. Башталгыч билимди Башкыр жергесиндеги “Расулия” диний мектебинен алган.
Ал 1911-1919-жылдарда Кустанай, Семей, Торгой, Жети-Суу өрөөндөрүндө иштеп жүргөн мезгилинде оозеки мурастардын маанисин терең түшүнүп, башкыр, татар, казак элдеринин оозеки чыгармачылыгын жыйнап, бир топ тажрыйба топтогон. Ошондой эле кыргыз фольклорун жыйноо, аны изилдөө жана аларды мазмуну, тематикасы жана жанрдык өзгөчөлүктөрү боюнча бир тартипке келтирүү иштерин жасап көп эмгектенген. 1920-жылдан баштап өмүрүнүн аягына чейин ал Кыргызстандын бардык айыл-кыштактарын кыдырып чыгып, жүздөгөн басма табак көлөмүндөгү оозеки чыгармалардын үлгүлөрүн жыйнаган.
К.Мифтаков 1920-жылы Таластын Грозный районунда мектеп директору болуп иштеп турганда ошол аймактагы акын-жомокчулардан ар түрдүү ырларды, Манастын күмбөзү тууралуу маалыматтарды кагаз бетине түшүргөн. 1921-жылы өзүнүн демилгеси менен кыргыз элинин оозеки чыгармаларын жыйноо боюнча ийримдерди уюштуруп, “Манас” эпосунун варианттарынан тартып макал-лакап, ар түрдүү ырларды, элдик поэмаларды, калк башынан кечирген тарыхый окуяларды баяндаган санжыра сөздөргө чейин калк арасынан кагазга түшүргөн. Ал гана эмес, кыргыз оозеки сөз өнөрүн ырааттуу түрдө белгилүү бир илимий инструкциянын негизинде жыйноо, иреттөө жана жарыялоо ишинин башталышы да анын ысымы менен байланыштуу. Биринчилерден болуп кыргыз фольклорун жанрдык жактан классификациялоону колго алган.
Мифтаковдун өмүрү менен иш-аракетинин кыргыз фольклористикасындагы өтө маанилүү учурунун бири – Нарын аймагына оозеки чыгармаларды жыйноо экспедициясын уюштуруп, Сагымбай манасчыдан “Манас” эпосун жазып алуу ишинин башталышы болуп саналат. Ат-Башы, Орто-Сырт, Ак-Сай, Арпа жайлоолорунда, Тогуз-Торо, Кочкор өрөөндөрүндөгү айыл-кыштактарда болуп, Сагымбай Орозбак уулу, Тоголок Молдо, Мусулманкул уулу Молдобасан сыяктуу кыргыз элине кеңири белгилүү манасчы-акындардын чыгармаларын жыйнаган. Т.Молдодон “Семетей” эпосунан Семетейдин Айчүрөккө барганын, М.Мусулманкул уулунан “Жаныш-Байыш”, “Эр Курманбек” эпосторун, Бердибай уулу Эркебайдан “Алманбеттин Сарала”, “Алманбеттин көрүнүшү”, “Сыргактын көрүнүшү”, “Манастын Аккуласы”, С.Конокбаевден “Манастын кийимдери”, С.Рыскулбековдон “Манастын күмбөзү”, “Таласты мактоо” жана башка эпизоддорду, Жаңыбай Кожек уулунан 1936-1941-жылдары “Семетей” эпосунан 50 миңге жакын сап ырды кагаз бетине жазып алган. 1947-жылы Ош жергесинен Алай, Ноокат, Гүлчө райондорунан санат, макал, ар түрдүү ырларды, поэмаларды жана “Эр Кошой”, “Манас”, “Семетей” эпосторунун айрым эпизоддорун А.Ташиев, Ч.Садыков, Жумагулов, Т.Мамытовдордон жазып алган. Булардан башка да анын оозеки мурастардын көркөм табияты, идеялык өзгөчөлүктөрү, улуттук салттар жөнүндө жазылган бир топ макалалары Алматыда жарык көргөн “Жети-Суу правдасы”, “Тилчи”, “Ак жол”, Кыргызстандын “Эркин-Тоо”, “Советская Киргизия” гезиттерине басылып турган.
Каюм Мифтаков 1949-жылы 5-октябрда каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан