28- Октябрь 1963 -жылы Орусиялык ырчы, актриса Виктория Цыганова туулган
Орусиялык ырчы, актриса Виктория Цыганова Хабаровск шаарында төрөлгөн. Виктория Цыганованын кыз кезиндеги фамилиясы Жукова болгон. Бала кезинен маданият чөйрөсүнө кызыгып, мектепти аяктаган соң, искусство институтуна окууга кирет. Алгач ишин театрда спектаклдерде ойноо менен баштаган. Виктория ырчылык өнөргө 1988-жылы келген. Ал эң алгач "Море" тобунун ырчысы болчу. Арадан эки жыл өткөндөн кийин Вика өз алдынча ырдап чыга баштайт. Буга ырчынын жолдошу Вадимдин салымы зор болгон. 
Ырчы 1992-жылы Архангельск шаарында өткөн "Миллион на сцене" конкурсунда жеңүүчү аталган. Беш жыл үзүрлүү эмгектенген соң Виктория эмнегедир ырдаганды токтотуп коет. Себебин эч кимге айткан эмес. Ырчынын кесиптештери бул көрүнүштү Виканын үй-бүлөсүндөгү жекече түйшүктөрүнөн улам деп божомолдошкон. Вика 1998-жылдын аягында кайрадан сахнага чыгып, Орусияда эки чоң концерт берген соң алыскы мамлекеттерге чейин гастролго чыгып келет. 
Виктория Цыганованын акыркы учурдагы популярдуу ырларынын бири "Приходите в мой дом" болгон. Муну ырчы Михаил Круг менен биргеликте ырдап чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан