2- Июль 1929 -жылы
Фрунзедеги жергиликтүү чарба бирдиги борбордун көркүн эле эмес, аброюн бузган шаардык базардагы "мас катарды" талкалоо туурасында чечим чыгарган
Фрунзе шаардык жергиликтүү чарба бирдиги борбордун көркүн эле эмес, аброюн бузган шаардык базардагы "мас катарды" талкалоо туурасында чечим чыгарган. Базардагы "мас катарда" арзан самогон сатылып, ал мамлекеттик продукциялардын өтүшүнө зыян тийгизбестен, колдонгон кардарлардын катарын улам суюлтуп турган. Чечимге ылайык шаардык милиция самогон саткандарды эле эмес, базарга кирген-чыккандарды текшерүүгө укук алган. Мас абалында кармалган адамдар туурасында маалымат шаардык гезит беттерине "Аларды бардыгыңар билгиле!" деген рубрика менен чыгарыла баштаган.