"Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "Заманыбыздын супер алпаруучусу" наамынын ээси Нурзат Токтосунова Ысык-көл областынын Түп районундагы Ичкесуу айылында төрөлгөн. Мектепти ийгиликтүү аяктап, олимпиада жыйынтыгы менен Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетине сынаксыз кабыл алынып, эл аралык мамилелер бөлүмүн окуп бүтүргөн. Кийин Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун "Маданий ишмердүүлүк" факультетин аяктаган.