3- Июль 1905 -жылы Советтик тарыхчы Саул Абрамзон туулган
Советтик тарыхчы Саул Абрамзон Орусиянын Орёл губерниясындагы Дмитровск шаарында саат устанын үй-бүлөсүндө туулган.
1916-жылы Карачаров шаарындагы эркектер гимназиясына окууга тапшырат. Бирок атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу туулуп-өскөн Дмитровск шаарына кайтып келип, жогорку тепкичтеги башталгыч мектептен окуган (бул мектеп кийинчерээк экинчи баскычтагы совет мектеби деп аталып калган).
1926-жылы ал Ленинград мамлекеттик университетин бүтүргөн. Анын окутуучуларынын арасында А.Н.Самойлович жана С.Е.Малов сыяктуу көрүнүктүү чыгыш таануучулар болгон.
Саул Абрамзон 1926-жылы Кыргыз автономия облусунун музейинин башчысы, 1927-жылы Кыргызстанда Чөлкөм таануу музейин, 1928-жылы Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Советине караштуу Чөлкөм таануу б-ча алгачкы илим изилдөө мекемесин уюштурууга катышкан. Ал эми 1931-жылдан кайра Ленинградда (азыркы Санкт-Петербургда) жашаган.
СССР Илимдер академиясынын Н.Н.Миклухо-Маклай атындагы Этнография институтунун директору жана илимий кызматкери болгон.
СССРдеги жана Кытайдагы кыргыз урууларын, алардын каада-салттарын кеңири изилдеген. Бир катар этнографиялык экспедицияларга катышкан.
“Кыргыз элинин маданиятынын очерктери” (1946), “Кыргыздар жана алардын этногенетикалык, тарыхый-маданий байланышы” (1971) деген илимий эмгектердин, ошондой эле бир катар илимий макалалардын автору.
СССРдин “Ардак белгиси” ордени менен (1956) сыйланган. 1970-жылдары аны Кыргызстан Коммунисттик партиясынын жетекчилиги акыйкатсыз түрдө сынга алган.
Саул Абрамзон 1977-жылы 1-сентябрда Орусиянын Ленинград шаарында каза болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан