8- Июль 1981 -жылы
Орусиялык теннисчи Анастасия Мыскина төрөлгөн
Орусиялык теннисчи, машыктыруучу, Эмгек сиңирген спорт чебери Анастасия Мыскина Москвада төрөлгөн. Мыскина профессионал теннисчи катары 1998-жылы таанылып, ошол эле жылы дүйнөнүн мыкты 500 теннисчисинин катарына кирген. Бир жылдан кийин эң кыйын делинген 100 теннисчинин тизмесинен орун алса, 2002-жылы - жыйырма, 2003-жылы дүйнөдөгү эң мыкты 10 теннисчинин катарында болгон.