26- Декабрь 1986 -жылы
Түркиялык актриса Селен Сойдер төрөлгөн
Түркиялык модель жана актриса Селен Сойдер Измир шаарында туулган. Селен башталгыч жана орто билимди Салих Ишгөрен атындагы мектептен алып, андан соң Измирдеги Сельма Игиталып лицейин аяктаган. Лицейди бүтүргөндөн кийин, Анатолия университетинин коомчулук менен байланышуу факультетине тапшырган. Ал эми 2014-жылы Стамбул университетинин тарых факультетин аяктаган. Моделдик карьерасында 2006-жылы "Түркиянын Мисс модели" сынагында "Мыкты модель" наамын жеңип алган. Ошол эле жылы Кытайда өткөн "Дүйнөлүк Мисс бикини" сынагына катышып, мыкты моделдердин алдыңкы бештигине кире алган. 2007-жылы Stаr TV телеканалы уюштурган "Мисс Түркия" сынагында 1200 кыздын арасынан суурулуп чыгып, бул наамды багындырган. Тасма талаасында болсо, 2010-жылы "Асман-жердин ортосунда" аттуу сериалда Топрак аттуу кыздын ролун жараткан. Андан соң, "Кызгалдактар гүлдөгөн маалда" сериалында да Топрак аттуу каармандын образын ачып берген.