4- Июнь 1986 -жылы Түштүк Кореялык актёр Пак Ючхон төрөлгөн
"Чатырдагы ханзаада", "Сени сагынам" аттуу корей сериалдарында роль жараткан Түштүк Кореялык актёр жана ырчы Сеул шаарында жарык дүйнөгө келген. Пак 6-класста окуп жаткан кезинде үй-бүлөсү менен АКШнын Түндүк Виржиния аймагына көчүп кетип, актёрдун балалыгынын көбү ошол жакта өткөн. Ючхон 2001-жылы өткөрүлгөн музыкалык сынакта жеңишке жетишип, таланттарды издөө жана аларга продюссердик кызмат көрсөтүү үчүн ачылган SM Entertainment агенттигине чакырылган. Андан соң, 2003-2009-жылдар аралыгында DВSК аттуу топто ырдаган. 2010-жылы аталган топтун Ким Жеджун жана Ким Жунсу аттуу мүчөлөрү менен, жаңы JYJ аттуу топ түзүүгө жетишкен. Актёрдук карьерасында, 2010-жылы япондордун "Кооз сүйүү" аттуу дорамасынын мобилдик форматында Ёнсу аттуу ири компаниянын бай мураскеринин ролун жаратып, ийгиликтүү дебют жасаган. Ошол эле жылы "Сонгюнгвандагы жаңжал" сериалына тартылып, "Жылдын жаңы мыкты актёру", "Мыкты түгөйлөр", "Көрүүчүлөрдүн тандоосу" номинацияларын жеңип алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан