Орусиялык актёр, алпаруучу, ТЭФИ сыйлыгынын лауреаты (1996), Орусиянын Эл артисти (2001) Илья Олейников Кишинев шаарында жумушчунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Ымыркай кезинен эле Ильянын ата-энеси баласынан мыкты аткаруучу чыгаарына көздөрү жеткен. Эс кирип баштагандан тарта Ильяга атайын музыка сабагынан берген мугалим жалдап окутушкан. Андан сырткары аккордеон жана кыякты өздөрү үйрөтүшкөн.