15- Июль 1924 -жылы Советтик балет бийчиси, хореограф, актёр Махмуд Эсамбаев туулган
СССРдин Эл артисти, Социалисттик Эмгектин Баатыры, советтик балет бийчиси, хореограф, актёр, Эл аралык бий академиясынын академиги Махмуд Эсамбаев Чечен Республикасынын чет жакасындагы Старые Атаги аттуу чечен айылында туулган. Анын улуту - чечен.
1939-жылы Чечен АССРиндe Мамлекеттик ыр жана бий ансамбли уюшулуп, анда мастер болуп жаш Махмуд эмгектенген. 1944-жылы И.В.Сталиндин буйругу менен Түндүк Кавказ элдери Чыгышка депортацияланган. М.Эсамбаевдин үй-бүлөсү Кыргыз ССРине келген. 1944-жылы ноябрдан тартып Махмуд Эсамбаев кыргыз мамлекеттик Ленин ордени опера жана балет театрына иштей баштап, "Бахчисарай фонтанында", "Кызыл мак", "Ресторандагы бий" балеттерин чон жетишкендик менен аткарган.
Ал эми 1957-жылдан тартып мекени болгон Грозныйдагы Чечен-Ингуш филармониясында иштей баштаган. 1959-жылы М.Эсамбаев "Советтик балет жылдыздары" (12кишиден турган) тобуна мүчө болуп, Францияга, Түштүк Америкага гастролго барып келген.
Махмуд Эсамбаев 2000-жылы 7-январда 75 жаш курагында көз жумган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан