Бразилиялык актриса Даниэла Эскобар Бразилияда төрөлгөн. Ал "Клон" сериалындагы Маизанын образы аркылуу дүйнөгө таанылган. 16 жашында Даниела журналистика факультетине тапшырат. Бир жылдан кийин театр, балет, музыка жагына которулуп кетип, төрт жылдан кийин аяктаган. Ошол жылдан тартып театрда, кинодо өз ордун таап, теле жаатында иштеп баштаган.