25- Июль 1986 -жылы
Бразилиялык футболчу, учурда орусиялык “Зенит”
футбол клубунун чабуулчусу Халк туулган
Бразилиялык футболчу, учурда орусиялык “Зенит” футбол клубунун чабуулчусу "Халк" деген ысымы менен таанылган Живанилду Виейра де Соуза туулган.
Халк 12 жашында "Зе до Эгито" балдар футбол командасына кошулган. 16 жашында бразилиялык "Витория" клубу менен келишим түзүп карьерасын баштаган.
2005-жылдын февраль айында футболчуну япониялык "Кавасаки Фронтале" клубу сатып алган. Халктын бул клубдагы дебюту "Нагоя Грампус" клубуна каршы ойногондо болгон, ал эми атаандаштын дарбазасына алгачкы тобун 2-июлда "Джубило Ивата" клубу менен ойногондо. 12 матч өткөрүп 3 топ киргизген. 2006-жылы "Консадоле Саппоро" клубуна ижарага берилген.
2008-жылы 26-июлда "Порту" клубу менен келишим түзгөн.
2010-жылы 19-февралда Халк Португалия чемпиондугунда 14-оюндан кийин стюарддарга кол салганы үчүн футболдон 4 айга четтетилген.
2010-11-жылдардын сезонунда Португалия чемпионатында Халк 23 топ киргизип мыкты бомбардир деп табылган.
2012-жылы 3-сентябрда орусиялык "Зенит" клубуна өткөн.