27- Июль 1917 -жылы
Швейцариялык хирург, окумуштуу Эмиль Теодор Кохер каза болгон
Швейцариялык хирург, медицина жана физиология жаатында "Нобель" сыйлыгын алган (1909-ж.) окумуштуу Эмиль Теодор Кохер каза болгон.
1865-жылы Эмиль Теодор Кохер Берн университетинин медициналык мектебин ийгиликтүү аяктаган. Беш жылдын аралыгында Берлин, Париж, Венада жана Лондондо окуган. Венада хирургияны изилдеген. 1872-жылы Берн университетинин хирургиялык клиникасынын директору жана хирургия профессору болгон.
Азыркы күндө хирургияда колдонулуп жаткан бир нече аспаптарды иштеп чыккан.