Түркстан аскер округунун командачысы Кауфман К.П. орус бийлигине каршы турган алайлык кыргыздарды баш ийдирүү туурасында буйрук чыгарган. Командачынын буйругуна ылайык, генерал-майор М.Д.Скобелевге Турук жана Шаты жергесине бекинген Абдылдабек, Сулайман удайчилердин жактоочуларын талкалоо милдети жүктөлгөн Кауфмандын буйругунда Анжыян, Гүлчө, Ош жергесиндеги саясий кырдаал жана кыргыз урууларынын орус бийлигине жасаган мамилеси кабарланат.