Москвада XXII Олимпиада оюндарынын жабылуу аземи В.И.Ленин атындагы Борбордук стадиондо болгон. Олимпиада гимнинин коштоосунда Олимпиада оту акырындык менен өчкөн. 4,5 миң аскер жаратып жаткан экранда "Доброго пути!" жазуусу менен бирге ошол Олимпиаданын белгиси болгон аюу пайда болуп, анын көзүнөн жаш тамган.