3- Август 2004 -жылы
Мессенжер автоматтык планеталар аралык станциясы космоско чыгарылган
Мессенжер автоматтык планеталар аралык станциясы "Дельта" ракетасынын жардамы менен АКШдагы ВВС станциясынан Канаверал булуңунан космоско чыгарылган. 2011-жылы 18-мартта Меркурий орбитасына ийгиликтүү чыккан. Анын негизги миссиясы Меркурийди изилдөө болчу. Ал Меркурийдин көптөгөн сүрөттөрүн тартып, ал тууралуу ар кандай маалыматтарды алууга салымы чоң болгон. Миссиясын 2015-жылы 30-апрелде күйүүчү майы түгөнүп Меркурийге кулап бүтүргөн.