Кардифф шаарында УЕФАнын Суперкубогу үчүн өткөн беттеште испаниялык клубдар "Реал" менен "Севилья" кез келип, "Реал" 2:0 эсебинде утуп алган. 13-августка караган түнү орун алган оюндун жүрүшүндө Криштиану Роналду эки гол киргизип (30, 49-мүнөттөр), мадриддик клуб өз тарыхында экинчи жолу УЕФАнын Суперкубогун алып кеткен. «Севильянын» оюнчулары бир нече жолу оюнду башкарганга аракет кылышканы менен, жеңишти өңөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн эмес. Оюндун жүрүшүндө "Реалдын" эки оюнчусу Даниэль Карвахаль менен Тони Кроос жана "Севильянын" да эки оюнчусу Витоло менен Фернандо Наварро сары айып кагазын алышкан.