Мисирдеги Синай жарым аралынын түштүк тарабында туристтерди ташыган 2 автобус сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 38 адам набыт болуп, 40 тан ашуун адам жаракат алган. Каза болгондор жана жабыркагандардын арасында Украинанын 1, Сауд Арабиянын 2 жана Йемендин 1, калганы Египеттин жарандары бар экени айтылган.