23- Август 1913 -жылы Копенгагенде Суу перисинин айкели тургузулган
Ганс Христиан Андерсендин чыгармасындагы Суу перисинин бронзадан жасалган айкели Копенгагенде коюлган. Айкелди меценат Карл Якобсендин тапшырыгы менен Эдвард Эриксен аттуу скульптор жасаган. Суу перинин денесине Эдвард Эриксендин аялы, ал эми жүзүнө Падышалык опера жана балет театрынын балеринасы - Эллен Прайс үлгү болгон. 1913-жылы 23 августта Карл Якобсен айкелди шаарга белек кылган. Ошондон бери Суу пери Даниянын борборунун белгиси болуп калган. Айкелдин бийиктиги - 1,25 метр, көлөмү - болжол менен 175 киллограм. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан