Биз социалдык тармакта
23- Август 1979 -жылы Советтик балет артисти  Александр Годунов СССРге кайтпашын жарыялаган
Советтик балет артисти Александр Годунов Нью-Йоркто гастролдоп жүргөндө СССРге кайтпашын жарыялап, АКШдан саясий баш калкалоо укугун берүүнү суранган. Бул туурлуу совет бийлиги билген соң Александр Годуновдун жубайы - балерина Людмила Власованы Москвага учурушкан. Бирок учак америкалыктар тарабынан учурулбай, Людмила Власова өз эрки менен учуп жаткандыгынын далилин талап кылышкан. 
Жаңжалга эки өлкөнүн лидерлери Михаил Горбачёв жана Жимми Картер да тартылышып, жыйынтыгында 3 күн өткөн соң учак Людмила Власова менен Москвага учкан. Александр Годунов бир жыл бою жубайын кайтаруу аракетин көргөн, бирок анын иш-аракеттери ийгиликсиз болгон. Аларды "Кансыз согуштун Ромеосу менен Жульеттасы" деп аташкан. 1981-жылы алар ажырашып кетишкен. 
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан