2- Сентябрь 2002 -жылы
Балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев каза болгон
Балет бийчиси, СССРдин Эл артисти Чолпонбек Базарбаев жол кырсыгынан каза болгон.
Чолпонбек Базарбаев 1949-жылы 4-февралда Нарын областынын Кочкор районундагы Чолпон айылында туулган. 1959-жылы Фрунзедеги Кыргыз мамлекеттик музыкалык жана хореографиялык окуу жайына тапшырып, аны 1967-жылы бүтүргөн. 1966-1993-жылдары А.Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик академиялык опера жана балет театрынын солисти, кийин башкы директору, ал эми 1993-1996-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият министри, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министринин 1-орун басары, ошол эле учурда 1987-жылдан Кыргызстандагы Театр ишмерлер союзунун президенти болуп иштеген.
Базарбаев улуттук жана классикалык бийдин техникасын мыкты өздөштүрүү менен балет спектаклдеринде ар кыл мүнөздөгү образдарды психологиялык жактан терең ачып берген. Чолпонбек Базарбаев Кыргызстан Ленин комсомолу (1977), Эл аралык “Мин Ои” (Япония, 1995), Эл аралык Ч.Айтматов атындагы сыйлыктардын лауреаты болгон.