13- Сентябрь 1929 -жылы
Англиялык бактериолог Александр Флеминг пенициллинди ойлоп тапкан
Англиялык бактериолог Александр Флеминг пенициллинди ойлоп тапкан. Ал тууралуу Лондондогу Медициналык борбордун жыйынында жарыялаган.
1928-жылы Флеминг адамдын организмин инфекциядан коргоо боюнча тажрыйба жүргүзүп, натыйжада пенициллинди тапкан. Бирок дары бат эле бузулуп калган. Көп өтпөй Говард Флори жана Эрнст Чейн аттуу окумуштуулар пенициллиндин анык таза түрүн ойлоп табышкан.