17- Сентябрь 1951 -жылы Жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров туулган
СССР спортуна эмгек сиңирген чебер, Москва олимпиада оюндарынын коло байге ээси, белгилүү марафончу Сатымкул Жуманазаров Кара-Буура районунун Жоон-Дөбө айылында туулган. 8 жылдык мектепти бүткөндөн кийин окуусун Таластагы №6-кесиптик окуу жайында уланткан. Биринчи устаты - Анаркул Кибраев болгон.
Сатымкул Жуманазаров 1976-жылы СССР спортунун чебери, 1979-жылы СССР спортунун эл аралык класстагы чебери, 1981-жылы СССР спортунун эмгек сиңирген чебери деген ардак наамдарга арзыган. 
Ал СССРдин чемпиондугунда 10 чакырым аралыкка чуркоодо бир нече жолу коло жана күмүш медалдарга ээ болгон. 1980-жылы Москва шаарында өткөн 22-олимпиадада 42 чакырым 195 метр аралыкты 2 саат 11 минута 16 секундда чуркап өтүп, совет доорундагы марафончулардын олимпиадалык жарышка катышуу тарыхында алгачкы болуп үчүнчү орунду ээлеп, коло медаль тагынган.
Сатымкул Жуманазаров 2007-жылы 3-апрелде 55 жаш курагында кырсыктан улам каза болгон. Ал мындан 2 күн мурда батириндеги балкондо иштеп жатып, 4-кабаттан жерге кулап түшкөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан