Германиянын Оппау шаарындагы химиялык заводдо жарылуу болгон. 561 киши каза болуп, көптөгөн адамдар күйүк алышкан. Жарылуунун натыйжасында шаарда болгон миңдей имараттын 800ү талкаланып, 7500 киши үй-жайсыз калган. Шаарга жакын станцияларда турган поезддер рельстен чыгып кеткен. Жарылуудан пайда болгон күчтүү өрттү бир нече күндөн кийин гана өчүрүүгө мүмкүн болгон.