“Чапаев” тасмасында пулемётчу Анканын ролун аткарган советтик актриса, РСФСРдин Эл артисти Варвара Мясникова Санкт-Петербургда туулган. 1922-жылы жогорку окуу жайды аяктап, ошол жылдан тартып театрда актриса болуп иштей баштаган. Андан соң Ленинграддагы Чоң драма театрына кирип, 1928-жылдан тартып "Ленфильм" киностудиясында тартыла баштаган.