22- Сентябрь 1947 -жылы Акын, жазуучу Зарылбек Чокоев туулган
Акын, жазуучу Зарылбек Чокоев (Молдоиса уулу Зарылбек) Кемин районунун Кичи-Кемин айылында туулган.
1966-жылы Кичи-Кемин орто мектебин бүткөн соң аскерге чакырылып, Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
1969-жылы Фрунзе аэропортунда авиомеханик кесибинде бир жыл иштеп, 1975-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият бөлүмүн аяктайт. Кыргыз телерадио комитетинде редактор, Кемин райондук "Эмгек жарчысы" гезитинде бөлүм башчы, республикалык балдар китепканасында башкы библиограф, 1987-жылы Ысык-Көл районунда санаторий-пансионаттарда иштеп, "Торой" өндүрүштүк-соода фирмасын түзгөн.
1971-жылы алгачкы "Ак ниет" аңгемеси "Кыргызстан пионери" гезитине жарыяланып, кийин ырлары, эссе, новелла, котормолору адабий альманахтарга, журналга, мезгилдүү басма сөз беттеринде үзүлбөй жарык көрүп, радио берүүлөрдөн кеткен. Автордун айрым аңгемелери орус, украин, казак тилиндерине которулган.
Эстон жазуучусу Хейно Вяли, беларусь жазуучусу Алена Васильевич, орус жазуучусу Лев Разгон, түркмөн жазуучусу Амангелди Шыхлыевдин чыгармаларын кыргыз тилине которгон.
1982-жылы алгачкы "Турмуш кайрыгы" аттуу китеби жарык көргөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан