V чакырылыштагы “Ата Журт” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Шаршеев Нарын областында туулган.
Жогорку билимдүү. 1989-жылы Фрунзе политехникалык техникумун “гидротехник” адистиги боюнча, 2005-жылы Нарын мамлекеттик университетин “бухгалтердик эсеп жана аудит” адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолун 1986-жылы Тянь-Шань МПМК-1де жыгач усталыктан баштаган. 1988-1996-жылдары “Райайылремкурулуш” Тянь-Шань чарбалар аралык өндүрүш башкармалыгында жыгач уста, бригадир, устат;
1997-2001-жылдары “Нарын” эркин экономикалык аймагында коопсуздук кызматынын инспектору болуп иштеген.
2000-2002-жылдары “Салкын-Төр” ЖЧКсынын директору;
2001-жылы “Темир” мамлекеттик ишканасынын Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн директорлугуна дайындалып, анда 2007-жылга чейин эмгектенген.
2007-2010-жылдары "Winline" ЖЧКсынын башкы директору.
2013-жылы "Ата Журт" саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган. Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин мүчөсү.
2009-жылы жигердүү эмгеги жана тармакты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Ардак грамотасы, 2012-жылы Нарын райкеңешинин чечими менен "Нарын районунун ардактуу жараны" наамы ыйгарылган.