V чакырылыштагы “Ар-намыс” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Майрамкүл Тиленчиева Нарын облусунун Нарын районундагы Казан-Куйган айылында төрөлгөн.
Жогорку билимдүү. 1983-жылы “СССРдин 50 жылдыгы” атындагы КМУнун филология факультетин, 1991-жылы Ташкент жогорку партиялык мектебин “экономикадагы башкаруу жана политолог” багыты боюнча бүтүргөн.
Эмгек ишмердүүлүгүн 1978-жылы Казан-Куйган айылындагы “Оттук” орто мектебинде мугалим болуп иштөөдөн баштаган.
1983 – 1985-жылдары – Кыргызстан ЛКЖСтин Тянь-Шань райкомунда эсеп жана финансы секторунун башчысы, комсомолдун Нарын обкомунун бөлүм башчысынын орун басары.
1985-1987-жылдары - Кыргызстан ЛКЖСтин Тянь-Шань райкомунун экинчи катчысы.
1987-1989-жылдары - Кыргызстан ЛКЖСтин Тянь-Шань райкомунун биринчи катчысы.
1991-1995-жылдары – Тянь-Шань райаткомунда башкы адис.
1995-1999-жылдары – Нарын райондук салык инспекциясында башкы адис, бөлүмдүн начальниги.
1999-2008-жылдары – Нарын облустук салык инспекциясында башкы адис, бөлүмдүн начальниги.
2008-2010-жылдары – Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы.
2010-2012-жылдары – ар кайсы долбоорлордо консультант.
2012-жылдын сентябрында “Ар-намыс” саясий партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталган. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин мүчөсү.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Агартуу кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин (2002-ж.), Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын (2000, 2005-ж.ж.) Ардак грамоталары, “Салык кызматынын отличниги” төш белгиси менен сыйланган. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын отличниги.
Салык кызматынын III рангадагы кеңешчиси.