28- Июнь 1969 -жылы V чакырылыштагы “Республика” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сулайманкулов туулган
V чакырылыштагы “Республика” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Болот Сулайманкулов Талас областындагы Киров районунун Киров айылында туулган.
Билими – жогорку. 1997-жылы Кыргыз агрардык академиясынын инженер-мелиоратор адистигин, 2006-жылы Чүй университетинин юрист адистигин бүтүргөн.  
Эмгек жолун 1992-жылы "Электртехник" кичи ишканасында инженер болуп иштөө менен баштаган. Ал эми 1996-1998-жылдары –  Кыргыз Республикасынын ички иштер органында кызмат өтөгөн.
1999-2004-жылдары – Талас областынын Бакай-Ата районунун жергиликтүү кеӊешинин депутаты;
1998-2006-жылдары – "Сулайманкул" дыйкан чарбасынын төрагасы;
2006-2007-жылдары – Талас областынын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органынын башчысы;
2009-2010-жылдары – Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасынын аналитиги;
2015-жылдын мартында "Республика" партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин V чакырылыштагы депутаты болуп шайланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан